Свердлов районунда №38 мектеп-гимназиясынын базасында спорттун аскердик-прикладдык түрү боюнча «Эр жигит-2024» райондук  спартакиадасы өттү.

Спартакиадага  №10, №11, №12, №16, №23, №32, №33, №38, №45, №46, №51, №65, №66,  №76, №85, №87 жана №89 мектептери  катышып, 6 тапшырма боюнча өздөрүнүн даярдыктарын көрсөтүштү.

Балдардын даярдыктарын Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясынын аскер кызматкери Кылычбек у.Муса жетектеген. Жыйынтыгында 1-орунду №11 жана №38 мектеп, 2-орунду №16 мектеп, 3-орунду №89 мектеп ээледи.

Свердлов районунун №38  жана №11 мектеп-гимназиялары “Эр жигит – 2024” спартакиадасынын шаардык этабына жолдомо алышты.