Бишкек шаарында 10 - 14-апрелге чейин "Газпром-балдарга"спорттук  денсоолукту  чыңдоо комплексинде дартс боюнча аялдар жана эркектер арасында чемпионат болуп өттү.

Мелдешке жалпысынан 100гө жакын спортчу катышты.

Мындан тышкары, 15-19-апрель күндөрү борбор калаада балдар жана кыздар арасында дартс боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өтүп, ага 80 адам катышты.

Чемпиондор жана байге ээлери диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери департаменти КР дартс Федерациясы менен биргеликте уюштурду.