2024-жылдын 19-апрелинен 21-апрелине чейин Ташкент шаарында кендо боюнча жетинчи Борбордук Азия турнири өттү.

Мелдешке Израилдин, Россиянын (Москва командасы), Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын кендоисттери төмөнкүдөй орундарды алды:
- 1-орун - Айдар Асымбеков (18 жашка чейинки кендоки, башталгыч деңгээл);
- 3-орун - Данила Белмескин (18 жашка чейинки кендоки, башталгыч деңгээл);
- 3-орун - Төлөнов Айдар (18 жашка чейинки кендоки, башталгыч деңгээл).

Белгилей кетсек, командалык кубокто байгелер төмөнкүдөй:
- 1-орун - “Израиль 1”;
- 2-орун - “Израиль 2”;
- 3-орун - “Кыргызстан”;
- 3-орун - “Россия (Москва командасы)”.

Маалымдама: Кэндо — бамбук кылычтары менен фехтование кылуу боюнча жапондордун заманбап согуш өнөрү. Ал өзүнүн тарыхын салттуу самурай кылычынын ыкмалары менен карайт.