Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы таштанды белгиленбеген жерге ташталышы боюнча активдүү көзөмөл жүргүзүүдө.

Айлана-чөйрөдөгү тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренеси боюнча төмөнкү субъекттерге айып салынды:

*  КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик-санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти;
*  "Крик Ирбис" ЖЧКсы;
*  Ч. Валиханов, 1 дарегинде жайгашкан "Салам Баку" кафеси;
*   Каралаев көчөсү, 3 дарегиндеги  "Альфа Ойл" ЖЧК.

Булардын ар бирине 13 000 сомдон айып пул салынган.

Мындан тышкары жанаша аймагын таза кармабаган шаардыктарга карата айып протоколдору түзүлгөн.  

А. Суеркулов, 138/2 дарегинде жашаган О.Н. аттуу тургун КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесин бузган.

Ушул эле берене менен Д. Садырбаев көчөсү, 509 дареги боюнча тазалык жана тартип эрежелерин сактабаган П.В. Ю. аттуу тургунга айып протоколу түзүлдү. Ар бир жеке адамга 3 000 сомдон айып пул салынды.

Фрунзе көчөсү, 404 дарегинде жашаган шаар тургуну бордюрга зыян келтиргендиги үчүн 5500 айып пул алган. Жеке жака карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренеси боюнча протокол түзүлгөн.

Турмуш-тиричилик таштандыларын белгиленбеген жерлерге таштагандыгы үчүн "Кыргызалтын" ААКсына айып пул салган. Ата мекендик ишканага карата КР  Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгү боюнча 17 000 сом суммасында протокол түзүлгөн.

Өндүрүштүк таштандыларды туш келди ыргыткандыгы үчүн  "Маэстро Кей Джи" компаниясы КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде 23 000 миң сом айып пул алган.  

Ал эми  "Сталь монтаж плюс" ЖЧКсына КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгү менен протокол жазылган. Компания 23 000 сом айып пул алган.

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы бардык тургундар үчүн жагымдуу жана коопсуз шаар чөйрөсүн түзүү үчүн борбор калаанын көчөлөрүн таза жана тыкан кармоо боюнча ишин улантат.