Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө 2024-жылдын 25-апрелинде таза суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү даректерди камтыйт: Сарбан а, Жал, Жогорку Орок а, Сары-Өзөн а, Кашкабаш а, 105-контур батыш бөлүгү , ТЭЦ-2, жаңы селекция райондору, Достук а, Ак-Ордо (Ахунбаев көчөсүнүн түштүк тарабы), Ак-Ордо кичи району, Сокулук району (Ахунбаев көчөсүнөн жогору), Ак-Ордо конушу (Өмүр көчөсүнүн түштүк тарабы).

Саат 9:00дөн 22:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу болбойт.

Эскерте кетсек,  “Баш-Кара-Суу” суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.