№100 мектептин окуучулары А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында болушуп, “Каркыранын канаты” спектаклин көрүштү.

Белгилей кетсек, график боюнча борбор калаадагы мектептердин окуучулары театрга келип, “Каркыранын канаты” жана “Манасчы” спектаклдерин көрүшөт.

А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын 30 жылдыгын жана   Кыргыз Республикасынын Эл артисти Арсен Умуралиевдин 90 жылдык мааракесин белгилөөнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.