"Арча-Бешик" конушунда дагы бир "Таштанды таштаба" деген жазуу пайда болду. Аны Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын инспекторлору  пландуу рейддин жүрүшүндө орнотушту.

Атайын белги Жайыл Баатыр жана Асылкеч көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган, анткени бул жерде таштанды башаламан ташталган учурлар көп кездешет.

Ошондой эле инспекторлор конуштун кварталдарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, жергиликтүү тургундарга таштандыны башаламан таштабоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын уюштуруу тапшырмасын беришти.

Белгилей кетсек, таштанды таштоочу жайлар "Арча – Бешик" конушунда көп кездешкен көйгөй. Бул жагдайды чечүү максатында муниципалдык инспекция буга чейин Чортеков жана Кара-Кужур көчөлөрүнүн кесилишине ушундай белгини орноткон.

Бул конуштун жашоочулары менен таштандыларды белгиленбеген  жерлерге чыгарууга жол бербөө боюнча күчөтүлгөн иштер улантылууда.

Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Эскерте кетсек, Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга карата КРнын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.