Бул жылы  Бишкек шаарынын 146 жылдыгы белгиленет. Шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун бай майрамдык программа күтүүдө.

2024-жылдын 29-апрелинде саат 18:00дө Т.Усубалиев атындагы аянтта  борбор калаанын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл топторунун концерти башталат.

Саат 19:00дө «ВАЛЬС КЕЧЕСИ» фестиваль-сынагы өтүп, ал Mezzo Forte оркестринин   концерти менен уланат.

Майрамдык иш-чара саат 00:00дө кыргыз эстрада жылдыздарынын өнөрлөрү, жагымдуу чыгармалары  коштолгон концерттик программа менен аяктайт.

Борбор калаанын мэриясы шаардыктарды жана шаар конокторун Бишкектин негизделген күнүн чогуу белгилеп, жакшы маанайда эс алууга чакырат.