Бүгүн, 26-апрель саат 20:30дан баштап техникалык иштерге байланыштуу №5-троллейбус каттамы убактылуу токтотулат.

Чүй проспектисинин Чыгыш-5 багытындагы жеринде жер астындагы суу түтүктөрүнүн авариялык абалда болгонуна байланыштуу, тез арада оңдоо иштерин жүргүзүү талап кылынат.

Буга байланыштуу борбор калаада №9, №226, №212, №51, №52 жана №42 каттамдарга кошумча автобустар чыгарылат.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 27-апрелинен тарта троллейбустар линияга чыгып, штаттык режимде иштей баштайт.

Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жүргүнчүлөрдөн №5-троллейбустун убактылуу токтогонун эске алуу менен сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.