Акыркы 20-30 жылда “Маңка-Жар” коктусуна жакын турак жайларды жыл сайын нөшөрлөп жааган жамгырда суу каптап келген.

Мындан бир ай мурун Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев нөшөрлөп жааган жамгырда селдин алдын алуу иштерин өзгөчө көзөмөлгө алып, алдын алуу чараларын тез арада жүргүзүүнү тапшырган. Өз учурунда кабыл алынган чаралар Арча-Бешик конушунун тургундарына өзгөчө кырдаалдан сактанууга жардам берди.

Шаардык кызматтардын жана КР ӨКМ тарабынан эки сел каптоочу жайда механикалык тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Бүгүнкү күндө аталган биринчи тилкеде селдин үстүнкү калдыктары тазаланып, 1565м3  топурак чыгарылды.

Экинчи  тилкеден 1500м3 топурак чыгарылып, азыркы учурда тазалоо иштери уланууда.

Маселени чечүүгө  мэрдин резервдик фондунан каражат бөлүнүп берилген.