Ысык-Көл облусунда 2024-жылдын 23-апрелинен 27-апрелине чейин “Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз” аттуу илимий жана ойлоп табуучулук долбоорлорунун эл аралык жаштар форуму болуп өттү.

Сынакта түрдүү номинациялар боюнча илимий-техникалык жана ойлоп табуучулук долбоорлор сунушталды.

Быйыл Кыргызстандын, Казакстандын жана Россиянын жаш техниктери жана ойлоп табуучулары “Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз” аттуу илимий жана ойлоп табуучулук долбоорлорунун эл аралык жаштар форумуна катышты.

Мелдешке борбор калаадагы мектептердин “Бишкек жылдыздары” курама командасы катышып, 4 алтын жана бир коло медалга ээ болушту.

Форумдун катышуучуларынын эмгегин компетенттүү калыстар тобу баалады, анын курамына КР УИАнын мүчө-корреспонденттери, илимдин докторлору, окумуштуулар, ойлоп табуучулар, Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн алдыңкы ЖОЖдорунун академиктери жана профессордук-окутуучулук курамы кирген.

Сынактын максаты – билим берүүнүн жана илимий-техникалык чыгармачылыктын сапатын жогорулатууга, долбоорлоо, илимий-изилдөө жана ойлоп табуучулук ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө салым кошуу, ошондой эле Кыргызстандын келечектеги инженердик элитасы үчүн чечимдерди кабыл алууга жаштардын практикалык катышуусу.

Жеңүүчүлөр  жана орундарга  ээ болгондор I, II жана III даражадагы медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Борбор калаанын мэриясы жаш бишкектиктерди жеңиши менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт.