“Бишкек троллейбус башкармалыгы” жана “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери борбор калаадагы троллейбустарга жана автобустарга рейд жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жекелештирилген карталарын (кызыл) жана мектеп карталарын (жашыл) мыйзамсыз колдонуу фактылары аныкталган.

Жеңилдетилген карточкалар жарандардын айрым категорияларына берилет жана аларды башка адамдар колдонуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу болуп саналат.

Кызыл карталар:
- Бишкек шаарында каттоодо турган жаш курагы боюнча пенсионерлер;
- мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;
-  «Кыргызпочтасы» ААКсынын почтальондору иш учурунда.

Эскерте кетсек, текшерүүнүн жыйынтыгында алынган карталар "Тулпар" көзөмөл кызматына колдонуучулардын кара тизмесине киргизүү үчүн берилет.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Коомдук транспортту колдонуу эрежелерин сактоону суранабыз.