Бишкек шаарында “Газпром балдар үчүн” спорттук-эс алуу борборунун базасында “Хан Манас” кубогу үчүн 2004-2006-жылдары туулган өспүрүмдөр жана кыздар арасында дзюдо боюнча эл аралык турнир өттү.

Ачылыш аземге БШКнын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Куванычбек Конгантиев жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Жоомарт Шамканов катышты.

Бишкек шаарынын туулган күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган турнир 2024-жылдын 26-апрелинен 28-апрелине чейин өттү.

Дзюдо боюнча мелдешке Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 280 спортчу катышты.

Турнирдин жыйынтыгында Кыргызстандын командасы командалык таймашта 1-орунга ээ болуп, баш байгеге – «Хан Манас» кубогуна ээ болду. Экинчи орунду Казакстандын командасы, үчүнчү орунду Өзбекстандын командасы ээледи.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти, олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби жана КР дзюдо боюнча улуттук федерациясы уюштурду.