Бишкек шаарында  Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун  базасында Свердлов райондук балдардын чыгармачылык борборунун «Дүйнөнү өнөр менен тааныйбыз» аттуу отчеттук концерти жана “Таланттардын үнү” аттуу чыгармачылык көргөзмөсү  өттү.

Иш-чара Бишкек шаарынын 146 жылдыгына арналган.

Майрамдык концертке БШКнын депутаты Елизавета Алымбаева, акимдин орун басары Асел Садыкова, билим берүү департаментинин башчысынын орун басары Жыргал Абдыжапарова жана Свердлов райондук билим берүү борборунун жетекчиси Нурлан Байгулов катышты.

Концерттик программада И.К Бектурсуновдун жетекчилигинде музыкалык-сахна бөлүмүнүн мыкты 30 номери аткарылды.

Кеченин жаркын жана кульминациялуу номери Свердлов районунун Борбордук балдар театрынын студиясынын окуучуларынын «Ак ниет балдарыбыз» аттуу гимнинин аткарылышы болду.

Ошондой эле сүрөт искусствосу жана декоративдик-прикладдык искусство бөлүмү тарабынан техникасы жана жанры боюнча ар кыл 136 эмгектин көргөзмөсү болду.

Отчеттук концертке жалпысынан 43 мугалим жана 450 бала катышты.