Борбор калаанын райондорунда Бишкек шаарынын күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү.

Алсак, Ленин районунда аким Жыргалбек Шакиевдин катышуусунда Бишкек шаарынын күнүнө карата №96 мектепте салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Улуттук филармониянын жанындагы аянтта жана Жаштар аллеясында балдардын чыгармачылык борборунун жана Жаш техниктер станциясынын көргөзмөлөрү уюштурулду.

Ошондой эле, жалпы билим берүү мекемелеринде «Бишкек сүйүктүү шаарым», «Бишкек шаарынын тарыхы», «Гүлдөй бер менин Бишкегим» деген темаларда сабактар өткөрүлдү.

Кошумчалай кетсек, шаар күнүн майрамдоого жана Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата №58 орто мектепте жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.

Свердлов районунун аймагында Чыгыш-5 кичи районунда  «Чыгармачыл Арбат» сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Арбатта сүрөтчүлөр аянты көрсөтүлдү – мольберттерге тартылган сүрөттөр, балдардын кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсү, мектеп окуучуларынын тарткан сүрөттөрү.

Ошондой эле «Жаран менен маек» викторинасы - негизги жерлерде шаардын тарыхын билүү боюнча «тарых менен» сурамжылоосу өткөрүлдү.