Бишкекте "мектеп лигасы" программасынын алкагында гандбол боюнча мелдеш болуп өттү.

Турнирге Бишкек шаарындагы 16 орто мектептин  жана гимназиялардын командалары катышты.

Жаш уландар арасындагы мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр жана байгелүү орундар:
1-орун – №31 орто мектеп командасы;
2-орун – №16 орто мектеп командасы;
3-орун – №64 орто жалпы билим командасы.

Кыздар арасында:
1-орун –  №38 ОТК МГ командасы;
2-орун – №1 орто мектеп командасы;
3-орун – №31 орто мектеп командасы.

Бардык жеңүүчүлөр медалдар, дипломдор жана тиешелүү даражадагы кубоктор менен сыйланышты.

«Мектеп лигасы» спорттук программасынын негизги максаты - Бишкек шаарында балдар жана өспүрүмдөр спортун мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларын системалуу дене тарбия жана спортко тартуу болуп саналат.