Бүгүн, 4-майда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмаларын аткаруунун алкагында шаардык муниципалитеттин жетекчилиги жана шаардык кызматтардын башчылары курулуш объектилерин кыдырып чыгышты.

Алгач «Ала-Тоо» аянты болуп, учурда аны реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө флагштокту жана ардактуу кароолду демонтаждоо иштери, ошондой эле жабууларды алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, аянттын борбордук бөлүгүндөгү, батыш жана чыгыш тарабындагы фонтанга келген суу түтүктөрүн жаңылоо, фонтандын сырткы конструкциясын өзгөртүү мерчемделүүдө.

Ошондой эле «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы тарабынан 100 метрлик желексаптын долбоору иштелип чыкты.

Андан соң «Чыныш-5» кичи району, 18/1 дарегинде жайгашкан имаратты реконструкциялоо менен таанышты. Анда мектепке чейинки билим берүү мекемеси уюштурулат.

Азыркы учурда имаратта демонтаждоо жана аймакты тазалоо иштери жүргүзүлүп, имаратты мектепке чейинки балдар мекемесине кайра пландоо долбоору иштелип чыгууда.

Башкы кеңсе, жол белгилерин даярдоо цехи, металл буюмдарын жасоо цехи, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кампасы көзөмөлдүн кийинки объектиси болду.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасын кароо учурунда ишкананын аймагын тазалоо жана иретке келтирүү, ошондой эле түзүмүн жана штаттык санын карап чыгуу тапшырылды.

Карадарья көчөсү  боюнча «Бишкекасфальтсервис» МИнин битум чуңкуру менен таанышышты.

Мындан тышкары, Ахунбаев көчөсүнүн Достоевский көчөсүнөн 7- апрель көчөсүнө чейинки жолунун капиталдык ремонту боюнча жүргүзүлүлүп жаткан иштерди көрүп чыгышты.

Учурда эски асфальтты алып салуу, ошондой эле жолго топурак салуу иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, унаа тыгынын болтурбоо үчүн жол этап-этабы менен жабылат. Бүгүн көчөнүн түштүк тарабы жабык, андан кийин жолдун түндүк бөлүгүн жабуу пландалууда.

Ошондой эле Конорчок көчөсүндөгү Ахунбаев көчөсүнөн Куйручук көчөсүнө чейинки жолдун жана тротуардын капиталдык ремонту менен жеринде таанышты.

Бүгүнкү күндө жол бордюрларын, ирригациялык лотокторду орнотуу иштери аяктап, жолдун негизин асфальт төшөө үчүн даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Көчмө жыйындын жыйынтыгы боюнча шаардык кызматтарга тиешелүү тапшырмалар берилди.