Калаа башчысы Асек Урманбетовго барып, ал абалын сурап, жеңиш күнү менен куттуктады.

Урманбетов Асек - 1923-жылы туулган, II топтогу майып.

Украинанын жана Белоруссиянын ар кайсы аймактарында согушкан. 1943-жылы декабрда полктун командиринин буйругу менен чалгындоо боюнча маанилүү тапшырманы аткарган. Эки жоокер менен ал немистердин 76 унаасын ар кандай жүктөрү менен кармаган.

Жеңиштин урматына "Ата Мекендик согуш", "Кызыл Жылдыз" ордендери, көптөгөн аскердик медалдар, юбилейлик медалдар менен сыйланган. 2016-жылдын 30-августунда "Даңк" медалы менен сыйланган. Пенсияга чыкканга чейин айыл чарба өндүрүштүк кооперациясында башкы бухгалтер, ревизор болуп иштеген. Акын жана жазуучу. Ал “Ак жол” коомдук фондунун президенти болуу менен жеңишке арнап китеп жазып, кары-картаңдарга, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, кароосуз калган балдарга демөөрчүлүк кылып келет. 6 баласы жана 68 небере-чөбөрөсү бар.

Айбек Джунушалиев Василий Дмитриевич Пухаревдин да үйүндө болду.

Пухарев В.Д. - 1924-жылы туулган, Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучусу. 1942-жылы аткычтар полкунун курсанты, андан кийин аткычтар дивизиясына жиберилген, 1943-жылы зениттик артиллериялык полкко которулган.

Борбор калаанын башчысы ыраазычылык билдирип, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине чың ден соолук жана бакубатчылык каалады.

Ошондой эле КР Президентинин атынан белектерди жана акчалай каражаттарды тапшырды.