Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы өз багыты боюнча рейддик иш-чараларды улантууда.

Акыркы мезгилде чарба жүргүзүүчү субъекттердин ээлери жана ижарачылары тарабынан жанаша аймакка таштандыларды чогулткан учурлар көбөйдү.

Эреже бузуучулардын тизмесинде жеке ишкерлер: Асипова М.Ж., Абакиров А.А., Исмаилова Н. К. аттуу жарандар бар. Алардын катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу боюнча келишими жок болуп чыкты. Эске салсак, келишимдин жоктугу Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин 3.1-пунктун бузуу болуп саналат. Эреже бузгандардын ар бирине КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесине ылайык 13000 сомдон айып салынды.

Мындан сыркары “Бакай Банк” ААКсына, И. Арабаев атындагы КМУга, "Маса" кафесинин ээси –жеке ишкер Е. Р. Ногайга   инспекторлор  КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренеси боюнча  протокол түзүшкөн. Ошондой эле аларга жанаша аймагын таза жана тыкан кармоо боюнча эскертилди.

"Бал Инвест" ЖЧКсы таштандыларды тегеректеги аймакка ыргытып жаткан. Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүн бузгандыгы үчүн объектке 17 000 сом айып салынды.

"Кортекс"ЖЧКсы өндүрүш таштандыларын белгиленбеген жерлерге ыргытып жиберген. Объектке карата КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протокол түзүлгөн, айып пулдун суммасы – 23 000 сом.

Ал эми жеке ишкер Э.Ж. Калыгулов калдыктарды өрттөө жолу менен "кутулууну" чечкен. Ал КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүн бузгандыгы үчүн, юридикалык жак болуп эсептенилгендиктен   23 000 сом айып пулга жыгылды.

Инспекция тарабынан чарба жүргүзүүчү субъекттерге жанаша аймакты көрктөндүрүү зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Талапка ылайык, чарба субьектилердин айланасын таман таш менен төшөө, жашылдандыруу, чөп чабуу жана санитардык тазалоо иштери кирет.

Урматтуу шаардыктар жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин ээлери жана ижарачылары! Таштандыларды жана тиричилик калдыктарын таштанды төгүүчу урналарга таштасаңыздар, тазалыкты жана тартипти сактаңыздар!