Өткөн суткада эле Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясы 702 миң 500 сомго 55 протокол түздү. Айыптарды негизинен жарандар жана чарбалык субъектилер алган.

2024-жылдын 6-майында өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө Октябрь району боюнча 225 миң сомго 15 протокол, Свердлов районунда 213 миң 500 сомго 18 протокол, Биринчи май районунда 660 миң сомго 6 протокол, Ленин району боюнча 198 миң сомго 16 протокол түзүлүп,  айып салынды.

Урматтуу шаар тургундары, чарба жүргүзүүчү субъекттер! Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактабагандыктары үчүн мыйзам бузуучуларга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып пул салынарын эскертебиз. Тазалыкты жана тартипти, санитардык жана экологиялык нормаларды сактоону суранабыз.