Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөөгө байланыштуу борбордун айрым көчөлөрүндө жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Мындан улам, №36 автобус каттамы, №2 жана №8 троллейбус каттамынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрдү.

№36 автобус  Абдрахманов көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин каттайт.

№2 жана №8 троллейбустар төмөнкү маршрут боюнча жүрөт: Жибек Жолу проспектиси – Лермонтов көчөсү – Чүй проспектиси.

Муниципалдык транспорттун каттамдары 10-майдан тарта кайра калыбына келет.

Көчөлөрдүн жабылышы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Урматтуу, шаар тургундары жана меймандары!

Бишкек шаарынын мэриясы жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана жүргүнчүлөрдөн өзгөрүүлөрдү эске алуу менен сапарларын алдын ала пландаштырууну өтүнөт.