Арча-Бешик конушунда иштеп жаткан айрым жеке мончолор Бишкек шаарынын экологиясына коркунуч келтирген ар кандай тыюу салынган заттар менен жылытылып келген. Мыйзамсыз фактылар жарандардан түшкөн кайрылуулардын негизинде Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын инспекторлору тарабынан тастыкталды.

Шералиев 245 дарегине барган учурда жеке мончонун ээси негизинен эски кийимдерди жана тиричилик таштандыларын, тактап айтканда, желим бөтөлкөлөрдү жана желим баштыктарды өрттөп жаткандыгы аныкталган. Ага ылайык, Укук бузуулар кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүн бузган шаар тургунуна айып пул салынып, анын көлөмү 7500 сомду түздү.

Ушундай эле мыйзам бузуу буга чейин Садырбаев 387 б дареги боюнча катталган, анда жеке мончо тигүү калдыктары менен жылытылган. Тартип бузган адам укук бузуулар кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык юридикалык жоопкерчиликке тартылып, жаранга 7500 сом өлчөмүндө айып салынган. Мончонун ээси менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, атмосферага зыяндуу заттарды чыгарбоо боюнча да тапшырма берилген. Учурда бул багыттагы иштер улантылууда.

Эскерте кетсек, жалбырактарды, курулуштарды, турмуш-тиричилик таштандыларын жана башка тыюу салынган заттарды өрттөгөндүгү үчүн айып пулдун өлчөмү укук бузуулар кодексине ылайык 7500 сомдон 23000 сомго чейин түзөт.

Урматтуу жарандар жана чарбакер субъекттери! Тыюу салынган буюмдарды колдонбоону суранабыз. Түтүн менен бирге оор химиялык заттар бөлүнүп чыгып, ден соолукка зыян келтирип, атмосфералык абанын сапатын бузат.