Бишкек шаарында 2024-жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин "АРМИЯ" спорттук клубунда өспүрүмдөр жана уландар арасында аскердик кол күрөш боюнча  чемпионатын өткөрдү.

Ага 264 спортчу катышты. Турнирдин жыйынтыгында командалык мелдештин жеңүүчүлөрү:
- “КВНЛ” командасы – 1-орун;
- “Мангуст” командасы – 2-орун;
- Жолборс Тайм командасы – 3-орунду ээледи.

Эң мыкты жыйынтыктарды көрсөткөндөр медалдар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Иш-чаранын максаты - аскердик кол күрөштү кеңири жайылтуу жана өнүктүрүү, жаштарды аскердик кызматка даярдоо, спорттук чеберчилигин жогорулатуу, Бишкек шаарынын өспүрүмдөрүн жана уландарын улуттук курама командага аныктоо жана тандоо.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Аскердик кол күрөш жана өзүн-өзү коргоо федерациясы менен биргеликте уюштурган.