Бишкек шаарынын мэриясы буга чейин 2024-жылдын 16-майында саат 10:00дө өтө турган Ш.Термечиков 1 дарегинде жайгашкан Ак-Кула ипподромунун мүлк комплексин аукционго койгон.

Турак эмес жайлардын аянты 1818,5 чарчы метр, жер тилкесинин аянты 45,736 гектарды (457 360 чарчы метр) түзөт.

Тиешелүү чечимди муниципалдык менчикти менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия кабыл алды.

Белгилей кетсек, көз карандысыз эксперт тарабынан объекттин баштапкы баасы менен белгиленген 8 731 917 000 (сегиз миллиард жети жүз отуз бир миллион тогуз жүз он жети миң) сом өлчөмүндө баалоо жүргүзүлгөн.

Аукцион үчүн тиркеме: https://auctionetp.gov.kg/msu