Орозбеков көчөсүнө жалбырактуу жана бадалдуу дарактар отургузулду.

Иш-чарага "Бишкек жашыл курулуш" мунципалдык ишканасынын директору Одракаев Болотбек, ишкананын адистери жана "Оптима Банк" ААК өкүлдөрү катышып, демилгечи болушту.

Эми Орозбеков көчөсүн тарых музейи тараптан 13 ири жалбырактуу липа дарагы, ошондой эле 25 даана  бадал кооздоп турат.

Өз кезегинде ишкананын кызматкерлери банктын өкүлдөрүн керектүү инвентарь менен камсыздап, отургучтарды алдын ала даярдашкан.

Ошондой эле "Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасына DJI AIR 2S үлгүсүндөгү дронду  банктын жетекчилиги белекке берди.