“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп, 6 бурама тээкти алмаштырууну пландоодо.

Бул иштердин алкагында 2024-жылдын 14-майында саат 9:00дөн 23:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү  көчөлөр менен чектелген:
- Ахунбаев – Поваринская – Серафимович – Садырбаев;
- «Жал-15» кичи району, 30.

Урматтуу шаар тургундары!   “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.