Бишкек шаарында 2024-жылдын 13-майында Гареев атындагы Ботаникалык бакчада экинчи жолу "Экобаттл" экологиялык акциясы өтөт.

Иш-чара курчап турган чөйрөнү коргоо маселелерине көңүл буруп, мектеп, студенттик, эксперттик жана коомдук чөйрөдөгү экологиялык көйгөйлөрдү активдүү талкуулоону уюштурууга багытталган.

ЭКО Кубок -2024түн негизги багыты:
- ыңгайлуу экологиялык чөйрө;
- шаардын экологиясын жакшыртуу үчүн чечүү жолдорун аныктоо.

Экинчи "ЭКО Кубок-2024" сынагына 20 команда катышат.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти, эл аралык инновациялык технологиялар университети жана шаардык мэриянын билим берүү департаменти уюштурууда.