Спартакиада «Ыйман, адеп жана маданият» жылына арналат.


Мелдешке райондук администрациянын, РИИБнин, билим берүү борборунун, салык инспекциясынын, райондун МАБдарынын жана башка кызматтардын курама командалары катышат.
Өткөн дем алыш күндөрү футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Иш-чараны район башчысы Самарбек Болотбеков ачып, куттуктоо сөзүнөн кийин футбол боюнча мелдешке катышты. Ошондой эле жакын арада волейбол жана сууда сүзүү боюнча мелдеш өткөрүлөт.


1,2 -жана 3 -орундарды алган командалар медаль, кубок, диплом, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйланышат.