Акциянын алкагында Бишкектин бардык окуучулары үчүн мектептерге жакын жайгашкан жөө жүрүүчүлөр өтүүчү өтмөктөрдөн өткөрүү уюштурулат.


Иш-чаранын максаты – саны өсүп бара жаткан балдарды сүзүп кетүү фактыларына айдоочулардын көңүлүн бурдуруу, балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу болуп саналат.


Азыркы учурда №70, 48, 41, 18, 75, 22 мектептерде окуучуларды коштоп өткөрүү ишке ашырылууда.


Ошондой эле, мектептерге жакын адамдар көп жерлерде Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын инспекторлору кезекте турат.