Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан берилген тизмеге ылайык, аз камсыздалган үй-бүлөлөргө, пенсионерлерге жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге бекер отун таратылат.


Отун таратуу калаанын төрт районунда этап менен жүргүзүлөт. Учурда Ленин районунун муктаж тургундарына таратылууда.


«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын башчысы Токтобек Элгондиев, телефон: 37-53-30.