Ага №63МГ, №№88,56, 62, 64  орто мектептеринин окуучулары катышышат. Мелдеш спорттун беш түрү - пионербол, жеӊил атлетика, футбол, дартс, кыймылдуу оюндар боюнча өтөт.


Спартакиада мектеп алдындагы лагердин катышуучуларын сергек жашоого үндөө, ден соолукту бекемдөө жана райондун мектептеринде спорттун түрлөрүн өнүктүрүү максатында өткөрүлүүдө.


Байгелүү орундарды алган командалар муниципалдык администрация тарабынан диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышат.


Маалымат: Октябрь районундагы беш мектепте лагерь ачылып, 720 бала эс алууда.