Фатьянов көчөсү Горький көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгү оӊдолду. Аталган бөлүктүн узундугу - 600 погондук метр, туурасы – 9 метр, ошондой эле унаа токтотуучу аянты 1400 чарчы метрди түзөт.


Ошондой эле Саадаев көчөсү Мессарош көчөсүнөн Кемин чолок көчөсүнө чейинки узундугу - 385 метр, туурасы – 6 метр бөлүгү  тротуар жана ирригацияларды орнотуу менен оӊдолду. Мындан тышкары Талды-Суу көчөсү Патриса Лумумбы көчөсүнөн Буурдинский көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Оӊдолгон жолдун узундугу -1100 метр, туурасы – 7,5 метрди түзөт.


Жалпысынан 2017-жылы ишкана тарабынан 51 көчөнү оӊдоо пландалууда.