Аталган объектилер тиешелүү уруксат документтери жок муниципалдык жерге курулган.


Жер тилкелеринин ээлерине мурда шаардык кызматтар тарабынан эскертүү берилген. Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан аталган курулуштар түрттүрүлүп, жер тилкелери баштапкы абалга келтирилди.


Аталган чаралар Бишкек шаарындагы мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө жана алдын алуу боюнча ыкчам штабынын алкагында көрүлүүдө.