Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек жана Измир шаарларынын эки тараптуу кызматташуусу талкууланды.


Ошондой эле Айгүл Рыскулова машыгуу жабдууларын чыгарган «IRMAK» түрк компаниясынын иштердүүлүгү менен таанышып, аталган компания менен сейил бактарды көрктөндүрүү үчүн биргеликте иш алып барууну кароодо.


Жолугушууга Туркиянын дзюдо федерациясынын башкы координатору Месут Капан, «IRMAK» түрк компаниясынын башкы директору Сефер Лазоглу, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Ырысбек Мааткабылов катышты.