Орто-Сай базарынын аймагында, тактап айтсак Юнусалиев, Суеркулов жана Безымянная көчөлөрүндө соода тармагындагы тартиптерди сактоо максатында күн сайын көзөмөлдөө жүргүзүлүп жатат.

Бул иш аракеттер Октябрь райондук акимиаттын жана муниципалдык аймактык башкаруу кызматкерлердин күчү менен оорундалып жатат. 15 күн аралыкта тартипти бузган бир да факт катталган эмес, жана ушул багыт менен иш улантылат.

Борбор калаабыздын мэриясы соодо түйүндөрдүн жана жарнамалардын мыйзам чегинде болуусун өтүнөт.  

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!