БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2016-жылдын 5-декабры № 166

 

 

Сырткы жарнакты тартипке келтирүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, ошондой эле шаардын архитектуралык, көркөмдүк жана эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана Бишкек шаарында сырткы жарнак каражаттарын жайгаштырууну жана эксплуатациялоону тартипке келтирүү максатында,

 

ТОКТОМ КЫЛАМ:

 

1.     Администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарыньш мэриясынын муниципалдык администрациялык райондору сырткы жарнактарды жана маалыматтарды орнотуу, эксплуатациялоо, күтүү боюнча колдонуудагы талаптарга туура келишин контролдоо, ошондой эле өз алдынча уруксатсыз орнотулгандарды демонтаж жүргүзүү боюнча ыйгарым укук берилген орган болуп аныкталсын.

2.     Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациялык райондорунун башчылары белгиленген тартипте:

-       Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы, “Бшпкекбашкыархитектура” МИ менен биргелешип бир айлык мөөнөттө бардык сырткы жарнак жана маалымат каражаттарын инвентаризация жүргүзүшсүн;

-       сырткы жарнак жана маалымат каражаттары уруксатсыз орнотулгандыгы аныкталган учурда аларды демонтаж жүргүзүшсүн.

3.     Бишкек каржы башкармалыгы сырткы жарнак жана маалымат каражаттарын демонтаж жүргүзүүгө каражат карасын.

4.     Бул токтомдун аткарылышын контролдоо вице-мэр Б.О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

 

 

Мэр                                                                                                              А. Ибраимов