«Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасы 2008-жылдын 19-декабрында түзүлгөн. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нан, нан азыктары, кондитердик жана башка азыктарды өндүрүү, даярдоо, сактоо, кайра иштетүү, жеткирүү жана сатуу;
- муниципалдык социалдык объектилерди жана мекемелерди (балдар бакчалары, мектептер, ооруканалар жана башкалар) нан, кондитердик жана башка азыктар менен камсыз кылуу;
- социалдык объектилерди жана мекемелерди, ошондой эле калктын жакыр жана аялуу катмарын нан, кондитердик азыктар жана башкалар менен камсыз кылуу.

Наабайкананын жалпы аянты 2674 чарчы метрди түзөт.

Наабайкана өндүрүш аймагы менен катар административдик кеңселерди, конференц-залды, лабораторияны, ун кампасын жана башка бөлүмдөрдү камтыйт жана Кыргызстандагы эң маанилүү стратегиялык өндүрүш объектилеринин бири болуп саналат.

Ишканада нан азыктарын чыгаруу боюнча 1 автоматташтырылган линия иштейт. Нан чыгарууда ун электен өткөргүч – 1 даана, камыр аралаштыргыч (идиш) – 2 даана, текшерүүчү шкаф – 1 даана, камыр бөлгүч – 1 даана, камыр жайгыч– 1 даана, транспортер – 1 даана   жана газ туннель меши — 1 даана,   жаратылыш газы менен, ошондой эле электр энергиясы менен иштеген 2 айланма меш. Андан тышкары, нан кескич жана таңгактоочу машина бар.

Ошондой эле ишкананын өзүнүн лабораториясы бар, анда чийки заттардын  сапатын контролдоо, техникалык процессти жана нандын сапатын контролдоо, башкача айтканда, витамин-минералдык кошулмалар менен байытылган даяр продуктуларды контролдоо үчүн белгилүү үлгүлөр алынат.

Өндүрүш кубаттуулугу күнүнө 20 000 даанага чейин жеткен OZKOSEOGLU Isi Sanayii Ve Ticaret A.S. түрк компаниясынын нан бышыруучу жабдуулары. Өндүрүш процессинде ресурстардын минималдуу чыгымдалышы менен эң жогорку сапаттагы продукцияны алууга мүмкүндүк берүүчү, өндүрүштүн бүткүл циклинде адамдын продукт менен байланышын жарым-жартылай жокко чыгарган алдыңкы технологиялар колдонулат.

Ишкана муниципалдык социалдык объектилерди жана мекемелерди (атап айтканда, бала бакчаларды, мектептерди, ооруканаларды) жана калктын социалдык аялуу катмарын нан, кондитердик азыктар жана башка азыктар менен жеткиликтүү баада камсыздайт.

Эске сала кетсек, буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров “Бишкекнаабайкана” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, мэрияга муниципалдык наабайкананын өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу маселесин иштеп чыгууну тапшырган.

Ишкананын дареги: Бишкек шаары, 12-кичи район, Аалы Токомбаев көчөсү 3/1.