Бишкек шаарынын санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, "Тазалык" жана "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканаларынын зыянсыз, пайдалуу жана ишенимдүү иш-аракеттерин камсыздоо, ошондой эле финансылык милдеттенмелерди аткаруу максатында, Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 31-январындагы № 67 токтомуна ылайык 2023-жылдын 1-февралынан тартып катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга жана көмүүгө карата тарифтер көтөрүлдү:

- калк үчүн айына бир адамдан 41 сом өлчөмүндө, анын ичинде 13 сом катуу тиричилик калдыктарын көмүү боюнча кызмат көрсөтүүгө;

- Бишкек шаарынын пенсионерлери үчүн айына бир адамдан 22,50 сом өлчөмүндө;

- менчигинин түрүнө карабастан, чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн 1,0 куб.м үчүн 361 сом же 1 тоннасына 2430 сом, анын ичинде 81 сом же 1 тоннасына 445 сом өлчөмүндө

- менчиктин түрүнө карабастан, катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн катуу тиричилик калдыктарын көмүү боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн 1 тоннасы үчүн 445 сом өлчөмүндө бекитилди.