БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2015-жылдын 23-июну № 114

"Бишкексвет" муниципалдык ишканасынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Борбордун статусу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдык 20-майындагы № 126 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" токтомуна ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2015-жылдын 1-июлунан тартып "Бишкексвет" муниципалдык ишканасынын түзүмү жана штаттык саны бул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык бекитилсин.

2. "Бишкексвет" МИсинин начальниги (А.Т.Кожомкулов) ''Бишкексвет" муниципалдык ишканасынын Уставынын долбоорун Бишкек шаарынын мэриясына бекитүүгө киргизсин.

3. Бишкек шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 208 "Штаттык бирдиктерди кыскартуу жөнүндө" токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын вице-мэринин м.а. А.С.Омурбековага жүктөлсүн.

 

Бишкек шаарынын Мэри

 

К.Кулматов