БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2016-жылдын 23-марты № 40

Бишкек шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 31-декабрындагы № 266 "Бишкекбашкыархитектура" Муниципалдык ишканасын уюштуруу жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө

Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгынын 2016-жылдын 15-мартындагы № 2032 буйругуна ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Бишкек шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 31-декабрындагы № 266 "Бишкекбашкыархитектура" Муниципалдык ишканасын уюштуруу жөнүндө" токтому төмөнкү мазмундагы 6-1-пункту менен толукталсын:

"6-1. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө токтомдо андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.".

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо вице-мэр Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.

 

Бишкек шаарынын Мэри

 

А.Ибраимов