Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын токтому

Бишкек шаары, 2016-жылдын 30-июну № 6пк

Бишкек шаарынын мэриясынын администрациялык райондору жана түзүмдүк бөлүмдөрү боюнча муниципалдык администрацияларынын 2015-жыл жана 2016-жылдын I кварталы үчүн аткаруучулук тартиби жөнүндө

Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясы Бишкек шаарынын мэриясында документтер менен иштөө Кыргыз Республикасынын "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна, Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык так жүргүзүлө тургандыгын белгилейт.

2015-жылы мэрияда документ жүргүзүү 50905 документти түздү, бул 2014-жылга салыштырганда (57994 документ) 12 пайызга аз, анын ичинде, кирген документтер - 38748 жана чыккан документтер - 12157. Бардык документтер контролго алынган жана аткарылган, бирок анын ичинен 14 пайызы мөөнөтүнөн кечигүү менен аткарылган. Келген документтердин санынын төмөндөшү Кыргыз Республикасынын жогору турган органдарынын (6%га) Бишкек шаардык кеңештин (5%га) тапшырмаларынын санынын азайышына байланыштуу болду.

2016-жылдын биринчи кварталында мэриянын документ жүгүртүүсү 10291 документти түздү, анын ичинде чыккан - 2266 документ жана кирген - 8025 документ, мөөнөтүнөн кечиктирүү менен аткарылганы - 169 (же 6 пайыз) документ.

Контролго коюлган тапшырмаларды аткарууну талдоонун жүрүшүндө, Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратында тапшырмаларды аткарууда мөөнөтүнөн кечиктирүүгө жол берген бир катар бөлүмдөр табылган. Мөөнөтүнөн көп санда кечиктирген төмөндөгү бөлүмдөр: архитектура жана шаар куруу бөлүмү - контролго алынган документтердин 20 пайызы алар тарабынан мөөнөтүнөн кечиктирилип аткарылган, турак жай-коммуналдык чарба бөлүмү - 19 пайыз, социалдык бөлүм - 19 пайыз, эл аралык кызматташтык бөлүмү - 17 пайыз, экономика жана финансы бөлүмү - 14 пайыз, транспорт бөлүмү - 12 пайыз.

Кыргыз Республикасынын "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарынын 2016-жылдын 12 жана 26-февралындагы № 5 жана 6 "2015-жылы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарда жарандардын кайрылуулары менен иш алып баруусунун абалы жөнүндө", "Ченемдик укуктук актыларды жана 2015-жылдын жыйынтыктары боюнча жогору турган органдардын тапшырмаларын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка аткаруу бийлик органдарынын аткаруу тартибинин абалы жөнүндө" протоколдорунун III жана II пункттарын аткаруу үчүн жана аткаруу тартибинин деңгээлин жогорулатуу жана документтер менен иштөө тартибинин бузулушуна жол бербөө максатында, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 2016-жылдын 10-майындагы № 140-р көрсөтүлгөн маселе боюнча администрациялык райондор жана түзүмдүк бөлүмдөр боюнча муниципалдык администрацияларды текшерүү иштери боюнча жумушчу комиссияны түзүү жөнүндө буйрук кабыл алынган. Жумушчу комиссия тарабынан мэриядагы, администрациялык райондор боюнча муниципалдык администрациялардагы жана 9 түзүмдүк бөлүмдөгү - "Бишкекасфальтсервис", "Бишкекбашкыархитектурасы", "Бишкексвет", "Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулушу", "Бишкек аза кызматын көрсөтүү агенттиги" МИдеги, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгындагы, Бишкек шаарынын мэриясынын Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгындагы, Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш департаментиндеги, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүндөгү иштер талдоого алынган.

Текшерүү жалпысынан шаардын администрациялык райондору жана түзүмдүк бөлүмдөрү боюнча муниципалдык администрацияларда документтер менен системалуу иштөө мэриянын Регламентине ылайык түзүлгөндүгүн, документтерди каттоо жана контролдоонун компьютердик системасы камсыздалгандыгын жана жооптуу кызматкерлер бекитилгендигин көрсөттү. Документтер менен иштерди жакшыртуу, алардын аткарылышы үчүн кадрлардын жоопкерчиликтерин жогорулатуу, аткаруу тартибин күчөтүү маселелери түзүмдүк бөлүмдөрдүн коллегияларында, жума сайын өтүүчү аппараттык кеңешмелеринде тез-тез каралып жаткандыгы белгиленди. Акыркы мезгилде тапшырмалардын өз убагында аткарылбагандыгы үчүн жооптуу кызматкерлерге коюлган талаптар кыйла жогорулатылды. Мисалы, бул каралып жаткан мезгил ичинде документтерди өз убагында жана талаптагыдай аткарбагандыктары үчүн текшерүү жүргүзүлгөн түзүмдүк бөлүмдөрдө 137 кызматкерге карата ар кандай тартиптик чаралар көрүлгөн.

Талдоонун жүрүшүндө, райондук администрацияларда жана текшерүү болгон Бишкек шаарынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө калктын маселелерин тез арада карап чыгууга мүмкүндүк берген коомдук кабыл алуулар иштегендиги, "ишеним телефондору" орнотулгандыгы белгиленди.

Ошону менен бирге эле, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүндө документтердин аткаруу мөөнөттөрүн бузган фактылардын болушу улантылууда. Азыркыга чейин документтер менен иштөөдө комплекстик ыкма иштелип чыккан эмес, документтерди сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн кызматкерлердин жоопкерчиликтерин жогорулатуу боюнча жыйынтыктуу чаралар кабыл алына элек, аткаруу тартибин күчөтүү боюнча иштер натыйжасыз жүргүзүлөт.

Мэриянын текшерилген тогуз түзүмдүк бөлүмдөрүнүн беш бөлүмүндө кемчиликтер белгиленген. Аларды аткаруу тартиби азыркыга чейин тийиштүү деңгээлде болбогондуктан, көптөгөн документтердин аткарылбай калууда. Ал эмес контролдук документтер да алар тараптан белгиленген мөөнөтүнөн кечиктирилип аткарылууда, мында аткаруунун сапаты начар бойдон калууда. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Мыйзамынын ченемдери аткарылбай жатат. Белгиленген үлгүдөгү талаптарга жооп бербеген бланктар пайдаланылууда, эксперттик комиссия жана ведомстволук архив жөнүндө жоболор жок.

Муниципалдык менчик башкармалыгында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча олуттуу эскертүүлөр бар. Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча иштер систематизацияланган эмес, документтерди аткаруу жана жарандардын кайрылуулары контролго алынбайт, аткаруучулук тартип боюнча аппараттык кеңешмелер өткөрүлбөйт. Иш регламенти болбогондуктан, документтер менен системалуу иш алып баруу жок. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө", "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдарынын ченемдери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 383 "2013-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акы системаларын жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому, Типтүү нускама бузулууда. Архив жана эксперттик комиссия жөнүндө жоболор, документтерди жүгүртүү боюнча отчёттор жок, шаар тургундарынан түздөн-түз алынган көптөгөн арыздар жоопсуз калтырылган. 2015-жылы мэриянын тапшырмаларынын 25 пайыздан ашыгы мөөнөтү кечиктирилип аткарылган.

"Бишкекасфальтсервис" МИсинде Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин ченемдери, Кыргыз Республикасынын "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө", "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамдары, Типтүү нускама бузулуп жатат. 2015-жылы мэриянын тапшырмаларынын 30 пайызы мөөнөтү бузулуп аткарылган.

"Бишкексвет" МИсинде документтер менен иштөө регламенти белгиленген мөөнөтүндө жаңыртылган эмес, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин ченемдери, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө", "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамдары, Типтүү нускама бузулууда. Ведомстволук архив жана эксперттик комиссия жөнүндө жоболор жок, документтин жүгүртүлүшү боюнча отчёттор жок. Мэриянын тапшырмасынын 20 пайызы мөөнөтүнөн кечиктирилип аткарылган.

"Бишкек аза кызматын көрсөтүү агенттиги" МИсинде документтер менен иштөө регламенти жок болгондуктан, документтерди аткаруу мөөнөтү бузулууда, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин ченемдери, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдары, Типтүү нускама бузулууда. Архив жана эксперттик комиссия жөнүндө жоболор жок. Мэриянын тапшырмасынын 15 пайызы мөөнөтүнөн кечиктирилип аткарылган.

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 500 токтому аткарылбай жатат, анда Бишкек шаарынын мэриясынын администрациялык райондору жана түзүмдүк бөлүмдөрү боюнча муниципалдык администрацияларында мамлекеттик тилде токтомдордун жана буйруктардын чыгарылышын камсыздоону контролдоо тапшырылган. 2015-жылдын аралыгында шаардын кызматтарында актыларды мамлекеттик тилге сапаттуу которуу бөлүгүндө иш кагаздарын жүгүртүү текшерилген эмес, шаардын кызматтарынын жетекчилери менен материалдарды которууга жоопкерчиликтүү кызматкерлерди ишке кабыл алуу маселеси боюнча иштер жүргүзүлбөй келет. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн жетишсиз ишинен улам, администрациялык райондор боюнча муниципалдык администрацияларда жана Бишкек шаарынын мэриясынын текшерилген түзүмдүк бөлүмдөрүндө иш кагаздары мамлекеттик тилде талаптагыдай деңгээлде жүргүзүлбөй келет, ал эми айрым учурларда иш кагаздары расмий тилде гана жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Мыйзамына каршы келет.

Бишкек шаардык мамлекеттик архиви жөнүндө жобого ылайык Архивдин негизи милдети болуп ведомстволук архивдердин уюштуруучулук-методикалык жетекчилиги саналат, анын негизги функциясына ведомстволук архивдердин ишин жана мекемелердеги иш кагаздарынын жүгүртүлүшүн уюштурулушун контролдоо кирет. Бирок, текшерүү жүргүзүлгөн түзүмдүк бөлүмдөрдө Архив тарабынан бул багыттагы иштер тийиштүү деңгээлде жүргүзүлгөн эмес. Документтерди сактоо үчүн кошумча жайлардын жоктугуна байланыштуу, Архив түзүмдүк бөлүмдөрдөн документтерди туруктуу сактоо үчүн кабыл алуудан баш тартууда.

Администрациялык райондор боюнча муниципалдык администрацияларда документтердин аткарылышын контролдоо боюнча иштерди уюштурууда жетишсиздиктер жана кемчиликтер бар. Жалпысынан алганда райондор боюнча кырдаал төмөндөгүдөй абалда. Мөөнөтүнөн кечигүү менен аткарылган документтердин басымдуу үлүшү Ленин администрациялык районуна туура келет, тактап айтканда, мэриядан аткарууга түшкөн жана контролго алынган документтердин жалпы санынан 30 пайызы мөөнөтүнөн кечигүү менен аткарылган. Октябрь району боюнча муниципалдык администрацияда 5 пайыз документ мөөнөтүнөн кечигүү менен аткарылган, Биринчи май жана Свердлов администрациялык райондору боюнча 4 пайыз документ мөөнөтүнөн кечигүү менен аткарылган.

Ленин администрациялык району боюнча муниципалдык администрациянын жооптуу аткаруучулары аткаруучулук тартипке талаптагыдай көңүл бурушпайт, убагында аткарылбаган контролдук документтер, тапшырмалар, өздүк чечимдер болгондугуна, документтердин түп нускасын жоготкон учурлардын кездешкендигине, документтер менен системалуу иштер жүргүзүлбөй жаткандыгына карабастан, аппараттагы иштерди жакшыртуу боюнча чаралар кабыл алынган эмес. Райондук администрацияда өздүк чечимдерди даярдоо сапаты (коллегиянын кеңешмелеринде жана кабыл алынган токтомдорунда) жана алардын аткарылышын контролдоону уюштуруу боюнча олуттуу эскертүүлөр бар. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн электрондук кайрылууларынын интернет-порталы аркылуу түшкөн жарандардын кайрылууларын контролдоо жана эсепке алуу боюнча иштер райондук администрация тарабынан жүргүзүлгөн иштер канааттандыраарлык эмес. Аларды кароодо Кыргыз Республикасынын "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө'' Мыйзамынын ченемдери бузулат. Тактап айтканда,  порталга түшкөн кайрылуу өз убагында каттоого алынбайт, же таптакыр катталбайт, контролго алынбайт. Арыз ээлерине алардын кайрылуулары боюнча жооп берилбейт, бөлүмдүн архивинде жооптордун жок болгон учурлары бар. Райондун башчысынын жарандарды жеке кабыл алууда берген тапшырмаларынын аткарылышы талаптагыдай контролго алынбайт. Арыз ээсине комиссия өткөрүү жөнүндө мезгил аралык жооп берилип, иштер аяктагандан кийин жыйынтыктуу жооп берилбеген учурлар кездешет. Аткаруучулардын ушундай мамилелери райондун кадыр-баркына доо кетирип, шаар тургундарынын  көпчүлүгү түздөн-түз жогорку турган органдарга кайрылууга муктаж болушат.

Бул белгиленген фактылардын бардыгы администрациялык райондор боюнча муниципалдык администрацияларда жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүндө документтерди даярдоо, контролдоо жана алардын аткарылышын текшерүү иштеринин сапатына тийиштүү көңүл бурушпагандыгы жана кадрлардын өздөрүнө берилген иш чөйрөсү үчүн жоопкерчиликтерин жогорулатуу жана аткаруучулук тартипти бекемдөө боюнча зарыл талаптар коюлбагандыгын көрсөтөт.

Кыргыз Республикасынын "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Мыйзамынын, ченемдик укуктук актылардын жана Кыргыз Республикасынын жогорку турган органдарынын тапшырмаларынын аткарылышын камсыздоо, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын башчыларынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жоопкерчиликтерин жогорулатуу, документтер менен иштөө эрежелерин бузууга жол бербөө максатында Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы Ж.О.Намазалиеванын "Аткаруучулук тартип жөнүндө" маалыматы эске алынсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба, экономика жана финансы бөлүмдөрүнүн башчыларынын, Ленин администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын, "Бишкекасфальтсервис" МИнин, "Бишкексвет" МИнин, "Бишкек аза кызматтары агенттиги" МИнин, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, жогорку турган органдардын тапшырмаларын, жарандардын кайрылууларын, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерин жана тапшырмаларын аткаруу боюнча жетишсиз иштегендиктери белгиленсин.

3. Ленин администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысы (Н.Р.Тынаев) бул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринин жетекчилери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, жогорку турган органдардын тапшырмаларын, жарандардын кайрылууларын, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерин жана тапшырмаларын аткаруу боюнча иште кемчиликтерди кетирген жооптуу жактарга карата тартиптик жоопкерчилик чараларын кабыл алгандык жөнүндө 2016-жылдын 20-июлуна чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын мэриясына маалымат беришсин.

4. Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы (Р.К.Макенов):

- башкармалыктын жалпы бөлүмүнүн начальнигинин ээлеген кызмат ордуна туура келиши жөнүндө маселени карап чыксын, жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясын 2016-жылдын 20-июлуна чейинки мөөнөттө маалымдасын;

- башкармалыкта документтер менен иштөөнү тартипке келтирүү боюнча чара кабыл алсын.

5. Бишкек шаарынын мэриясынын администрациялык райондор боюнча муниципалдык администрацияларынын башчылары, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринин жетекчилери:

- аткаруучулук тартипти текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган иштеги кемчиликтерди жоюшсун;

- эки айлык мөөнөттө бул маселе боюнча иштердин абалын коллегиянын кеңешмелеринде, аппараттык кеңешмелеринде карашсын, документтер, жарандардын кайрылуулары жана даттануулары менен иштөөнү жакшыртуу боюнча зарыл чараларды кабыл алышсын;

- коллегиянын кеңешмесине материалдарды даярдоо сапатына, каралуучу материалдардын актуалдуулугуна өзгөчө көңүл бурушсун, ар бир токтомдун долбоорунда милдеттерди, аларды чечүү жолдорун жана ыкмаларын, белгиленген иш-чаралардын аткаруу мөөнөттөрүн жана алар боюнча жооптуу кызматкерлерди көрсөтүшсүн;

- Мэрияга жана арыз ээлерине берилген маалыматтардын сапатын жана ишенимдүүлүгүн өзгөчө контролго алышсын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын коомдук кабылдамалары жөнүндө" токтомун ишке ашырууну камсыз кылышсын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы №  463 "Электрондук кайрылуулар интернет-порталы аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылууларды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү ууралуу" токтомунун талаптарын так аткарышсын;

- 2016-жылдын 20-июнуна чейинки мөөнөттө документтер менен иштөө боюнча өздөрүнүн регламенттерин талапка ылайык келтиришсин;

- Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын талаптарын аткаруу боюнча зарыл чараларды кабыл алышсын;

- Бишкек шаарынын мэриясынын Регламентинин ченемдерин так аткарышсын;

- документтерди эсепке алууну жана алардын аткарылышын контролдоону адистештирилген компьютердик программанын жардамы менен жүргүзүүнү сунушташсын;

- ай сайын 5-числого чейин Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнө № 1 тиркемеге ылайык документ жүгүртүү боюнча отчет беришсин;

- 2016-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө аткарылган иштер жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясына маалымат беришсин.

6. Вице-мэрлер, Бишкек шаарынын мэриясынын администрациялык райондор боюнча муниципалдык администрацияларынын башчылары, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринин жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, буйруктарын жана тапшырмаларын, Бишкек шаардык кеңештин токтомдорун жана тапшырмаларын, Бишкек шаарынын мэринин буйруктарын, токтомдорун жана протоколдук тапшырмаларын өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу үчүн жеке жоопкерчиликтери белгиленсин.

7. Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү (Г.К.Ниязбекова):

- Бишкек шаарынын мэриясынын администрациялык райондор боюнча муниципалдык администрацияларында, түзүмдүк бөлүмдөрүндө жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринде иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча иштерди контролго алсын;

- Бишкек шаарынын мэриясынын администрациялык райондор боюнча муниципалдык администрациялары, түзүмдүк бөлүмдөрү жана чарба жүргүзүүчү субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Мыйзамынын аткарылышы маселеси 2016-жылдын IV кварталында Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясында кароого даярдасын жана киргизсин.

8. Бишкек шаардык мамлекеттик архиви (Ж.Д.Бечеков) Бишкек шаарынын мэриясынын  аппаратынын документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 22-ноябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө" Мыйзамынын Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринде аткарылышын контролдоону уюштурууга жардам көрсөтсүн.

9. Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (Ж.О.Намазалиева):

- контролдук документтердин жана жарандардын кайрылууларынын өз убагында аткарылышын контролдоону күчөтсүн;

- мэриянын аппаратынын бөлүмдөрүндө аткаруучулук тартиптин абалы жөнүндө биринчи вице-мэрди жана вице-мэрлерди ай сайын маалымдасын;

- мэриянын аппаратынын, Бишкек шаарынын мэриясынын администрациялык райондор боюнча муниципалдык администрацияларынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн иш кагаздарын жүргүзүү жана архивдик иш боюнча окутуу семинарларын өткөрсүн.

10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо биринчи вице-мэрдин м.а. Э.З.Зарлыковго, вице-мэрлер Б.О.Дюшембиевге, А.М.Рыскуловага, Э.К.Исаковго, Г.А.Милицкийге, аппарат жетекчиси М.Т.Джунушалиевге жүктөлсүн.

 

Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын төрагасынын орун басары

 

Э.Зарлыков

 

Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын катчысы

 

Р.Айтымбетов