БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2016-жылдын 28-сентябры № 137

"Бишкек шаарынын мэриясынын мобилизацияланган резервинин материалдарын сактоо кызматы" мекемеси жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Борбордун статусу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 20-майындагы № 126 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын мобилизацияланган резервинин материалдарын сактоо кызматынын тийиштүү ишин камсыздоо максатында,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Бишкек шаарынын мэриясынын мобилизацияланган резервинин материалдарын сактоо кызматы" мекемесинин жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. "Бишкек шаарынын мэриясынын мобилизацияланган резервинин материалдарын сактоо кызматы" мекемесинин түзүмү, штаттык саны 2, 3-тиркемелерге ылайык, 2016-жылдын 1-октябрынан тартып бекитилсин.

3. "Бишкек шаарынын мэриясынын мобилизацияланган резервинин материалдарын сактоо кызматы" мекемеси белгиленген тартипте:

- мекемени юстиция органдарында кайра каттоодон өткөрсүн;

- кызматчыларга түзүмдөгү боло турган өзгөрүүлөр жана мүмкүн болуучу кыскартуулар жөнүндө эскертсин.

4. Бишкек шаардык каржы башкармалыгы (Аденов И.Б.) Бишкек шаарынын мэриясынын мобилизацияланган резервинин материалдарын сактоо кызматына "Коргоо" бөлүгүнүн чегинде бул токтомдун 4-тиркемесине ылайык 16800 (он алты миң сегиз жүз) сом суммада акча каражатын бөлсүн.

5. Бул токтом менен анда көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү үчүн берилген документтердеги маалыматтар анык жана мыйзам менен белгиленген учурда юридикалык жактарды кайра каттоо маселеси тийиштүү мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

6. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Бишкек шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 23-июнундагы № 112 "Бишкек шаарынын мэриясынын мобилизацияланган резервинин материалдарын сактоо кызматы" мекемесинин түзүмүн жана штаттык санын бекитүү тууралуу" токтомунун 1 жана 2-пункттары;

- Бишкек шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 166 "Бишкек шаарынын мэриясынын мобилизацияланган резервинин материалдарын сактоо кызматы" муниципалдык мекемеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын вице-мэри Г.А.Милицкийге жүктөлсүн.

 

Бишкек шаарынын Мэри

 

А.Ибраимов

 

 

 

Бишкек шаарынын Мэриясынын
2016-жылдын 28-сентябрындагы
№ 137 токтомуна
2-тиркеме

"Бишкек шаарынын мэриясынын мобилизацияланган резервинин материалдарын сактоо кызматы" мекемесинин
ТҮЗҮМҮ

Транспорт бөлүмүнүн башчысы

 

Ю.Бедаш

 

 

 

Бишкек шаарынын Мэриясынын
2016-жылдын 28-сентябрындагы
№ 137 токтомуна
3-тиркеме

"Бишкек шаарынын мэриясынын мобилизацияланган резервинин материалдарын сактоо кызматы" мекемесинин
ШТАТТЫК САНЫ

Кызматтардын аталышы

Штаттык бирдиктерин саны

1

Начальник

1

2

Кампа башчысы

1

3

Бухгалтер

1

4

Кампачы

3

5

Тазалоочу

2

6

Күзөтчү

5

 

Бардыгы:

13

 

Транспорт бөлүмүнүн башчысы

 

Ю.Бедаш