Бишкек шаарынын мэриясынын токтому

Бишкек шаары, 2015-жылдын 25-ноябры № 245

"Свердлов администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы" муниципалдык мекемесинин жобосун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 20-майындагы № 127 "Бишкек шаарынын административдик райондорун башкаруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов райондук администрациясы "Свердлов администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы" муниципалдык мекемеси деп кайрадан аталсын.

2. Свердлов администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов администрациялык районунун башчысы (А.Т.Чылабаева):

- мекемени юстиция органдарында кайра каттоодон өткөрсүн;

- бекитилген жобону жетекчиликке алсын;

- бул токтомдон келип чыккан чараларды кабыл алсын.

4. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Бишкек шаарынын мэриясынын 1996-жылдын 13-декабрындагы № 615 ''Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Бишкек шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 180 "Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов администрациялык району" мекемесинин жобосун бекитүү жөнүндө" токтому.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Н.Р.Тынаевге жүктөлсүн.


Бишкек шаарынын мэри


К.Кулматов