Мозгачева Виктория Андреевна
  • Туулган күнү:
    22-03-1986
Билими:

2004-2008  - жылдары - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, “Экономикадагы маалыматтык системалар жана технологиялар” адистиги

Иш тажрыйбасы:

2006-2008-жылдары - “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын узак мөөнөттүү өнүктүрүү боюнча инженери;

2008-2009-жылдары “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын пландуу-экономика бөлүмүнүн инженер-экономисти;

2009-2011-жылдары - “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын пландуу-экономика бөлүмүнүн башчысы;

2011-2019-жылдары - “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын директорунун орун басары;

2019-2020-жылдары – «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы директору;

2020-жылы - Бишкек шаарынын вице-мэри.

2021-жылдын май айында Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалган.

Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары

Бишкек шаарынын социалдык чөйрө комплексин жетекчиликке алууну жүзөгө ашырат.

Социалдык чөйрөдө шаардык саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу; медициналык жардам көрсөтүү жана акысыз медициналык жардамдын кепилдик берилген деңгээлин сактоо шаардык программаларын ишке ашыруу; шаардын калкынын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгын камсыздоо; ветеринария; жалпы орто жана мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө иштерди уюштуруу; маданият, спорт, искусство, туризм жана жаштар менен иштөө чөйрөсүндө шаардын саясатын жүзөгө ашыруу; калктын жеңилдик берилген жана аз камсыз болгон категорияларын даректүү социалдык коргоо тутумун түзүү, миграция жана калкты иш менен камсыздоо, социалдык жардам көрсөтүү программаларын ишке ашыруу, социалдык камсыздоону жана кайрымдуулукту өнүктүрүү, социалдык чөйрөнү башкаруу түзүмүн өркүндөтүү, калкка аза кызматтарын көрсөтүү маселелерин координациялайт, контролдойт жана жүргүзөт; гендердик саясат, эне, бала маселелерин, диний чөйрөдө иш-аракеттерди жүзөгө ашыруучу уюмдар, мекемелер жана жактар менен өз ара бирге аракеттенүү маселелерин жетектейт.

Социалдык чөйрө ишканаларынын жана мекемелеринин финансылык камсыздалышын контролдоону жүзөгө ашырат; социалдык чөйрөдөгү жалпы шаардык маанидеги долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу үчүн инвестицияларды, анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу маселесин чечет.

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн мамлекеттик иш-чараларды жана шаардык иш-чараларды өткөрүүдө кызматтардын ишин координациялайт жана сценарийлерди иштеп чыгууну уюштурат.

Коммерциялык  эмес уюмдар, социалдык чөйрө мекемелери  жана уюмдары (балдар үйлөрү, карылар үйлөрү, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн борборлор, чыгармачыл биримдиктер) менен өз ара аракеттенүүлөрүн уюштурат;

Өз компетенциясына кирген маселелер боюнча жетектеген багыттары боюнча комиссиялардын ишин жетектейт, жумушчу кеңешмелерди өткөрөт, белгиленген компетенциясынын алкагында токтомдорду жана буйруктарды чыгарат.

Өз иш-аракетинде Бишкек шаарынын мэрине отчёт берет.

Бишкек шаарынын Ленин администрациялык районун жетектейт.

Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык, түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринин (муниципалдык ишканалардын) жетекчилерин чакырууга жана аларга тапшырма берүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы.

Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы.

Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы.

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү.

«Бишкектеги аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги» муниципалдык ишканасы.

Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Бишкек шаардык инспекциясы.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек аймактык башкармалыгы.

«Согуштун, эмгектин, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана оруктагы эмгекчилеринин республикалык кеңеши” коомдук бирикмеси.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Бишкек филиалы.

*Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын социалдык бөлүмү.