Кадыров Азамат Кадырович
  • Туулган күнү:
    28-09-1989

Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелери боюнча орун басары

Бишкек шаарынын муниципалдык мүлктү башкаруу жана жер пайдалануу чөйрөсүн жалпы жетекчиликке алууну жүзөгө ашырат.

Менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан муниципалдык жер участокторун пайдалануу тартибинин сакталышын контролдоо; муниципалдык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу маселелерин координациялайт, контролдойт жана жүргүзөт.

Бишкек шаарынын мэриясынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын  тийиштүү аймактык бөлүмдөрү менен  өз ара аракеттенүүлөрүн уюштурат жана жүзөгө ашырат.

Өз компетенциясына кирген маселелер боюнча жетектеген багыттары боюнча комиссиялардын (жер маселелери боюнча комиссиялардан тышкары) ишин жетектейт, жумушчу кеңешмелерди өткөрөт, белгиленген компетенциясынын алкагында токтомдорду жана буйруктарды чыгарат.

Өз иш-аракетинде Бишкек шаарынын мэрине отчёт берет.

Бишкек шаарынын Октябрь администрациялык районун жетектейт.

Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык, түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринин (муниципалдык ишканалардын) жетекчилерин чакырууга жана аларга тапшырма берүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



*Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти. 

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти.

*Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү жана жер пайдаланууну контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы.

*Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси.

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүүминистрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалы.

*Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелери боюнча бөлүмү.

*Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелери боюнча бөлүмдүн муниципалдык мүлк маселелери боюнча сектору.