Шамыралиев Жыргалбек Джумадилович
  • Туулган күнү:
    21-01-1986
Иш тажрыйбасы:



Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча Вице-мэри

Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча орун басары

Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба комплексин жана жашоо-тиричиликти камсыздоо тутумун жетекчиликке алууну жүзөгө ашырат.

Көрктөндүрүү, шаардык аймакты жашылдандыруу, санитардык тазалоо; менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар тарабынан көрктөндүрүү эрежелеринин, санитардык жана экологиялык ченемдердин сакталышын контролдоо; жетектеген багыттар боюнча жалпы шаардык долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу; шаардык коммуналдык реформаларды, катуу тиричилик калдыктарын сорттоо, кайра иштетүү жана көмүү боюнча коммуналдык тейлөөнү жүзөгө ашыруу, катуу тиричилик калдыктарын бөлүштүрүп  жыйноо  боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү администрлөө,  катуу тиричилик калдыктарынын  шаардык таштанды жайын эксплуатациялоо жана күтүү; отун-энергетикалык комплекс, суу жабдуу жана суу чыгаруу тутумун натыйжалуу иштетүү жана өнүктүрүү; көчө жарыктандыруусун, лифт чарбасын иштетүү; шаарды от жагуу мезгилине даярдоо, коммуналдык чарба объекттеринин инженердик тармактарын орнотуу, жашоо-тиричиликти камсыздоо тутумунун коммуникацияларын өнүктүрүү; шаардык  жолдорду жана көрктөндүрүү объекттерин капиталдыкоңдоону, оӊдоону жана күтүүнү камсыздоо; жарандык коргонуу маселелерин координациялайт, контролдойт жана жүргүзөт.

Өз компетенциясына кирген маселелер боюнча жетектеген багыттары боюнча комиссиялардын ишин жетектейт, анын ичинде эвакуация боюнча комиссияга башчылык жүргүзөт, жумушчу кеңешмелерди өткөрөт, белгиленген компетенциясынын алкагында токтомдорду жана буйруктарды чыгарат.

Өз иш-аракетинде Бишкек шаарынын мэрине отчёт берет.

Бишкек шаарынын Биринчи май администрациялык районун жетектейт.

Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык, түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринин (муниципалдык ишканалардын) жетекчилерин чакырууга жана аларга тапшырма берүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык чарба департаменти.

*Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү жана жер пайдаланууну контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы.

«Бишкексвет» муниципалдык ишканасы.

«Тазалык» муниципалдык ишканасы.

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы.

«Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасы.

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы.

«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасы.

«Бишкекжылуулуктармак» ачык акционердик коому.

Бишкек шаарынын ЖЭБи.

Чүй жогорку вольттуу электр тармактар ишканасы.

«Түндүкэлектр» ачык акционердик коому (түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү менен).

«Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун «Бишкекгаз» филиалы.

Бишкек шаардык телефондук тармагы.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек аймактык башкармалыгы.

*Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы.

*Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмү.