Байланыш номерлери
0312-61-37-41, 0312 97-91-95 кошумча номери 1012
Экономика жана финансы бөлүмүнүн милдеттери жана функциялары
1. Экономика жана финансы бөлүмүнүн милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
- Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктарынын чегинде шаардык башкарууну өнүктүрүүгө жана шаар калкынын жашоо-тиричилик деңгээлин жогорулатууга багытталган бирдиктүү экономикалык саясатты түзүү жана өркүндөтүү;
- экономика, муниципалдык мүлк, финансы, салык жана жыйымдар, статистика, ишкерлик, авто коюу жайлар жана муниципалдык базарлар, калкты ишке орноштуруу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү прогноздоо, жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү, инвестицияларды координациялоо, муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу, иш-аракеттердин жетектеген багыттары боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү стратегияларын жана программаларын иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү маселелерди чечүүдө мэриянын иш-аракеттерин камсыздоо;
- ишкерлерге карата администрациялык жана жөнгө салуучулук таасирлердин көлөмүн кыскартуу жана ишкерлик иш-аракеттерин жөнгө салуунун ченемдик укуктук базаларын оптимизациялоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүүгө жана жүргүзүүгө колдоо көрсөтүү.
2. Бөлүм төмөндөгү функцияларды аткарат:
- Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык жобосун талдоо;
- экономикалык кырдаалды талдоонун негизинде шаардык экономикалык саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- учурдагы кырдаалды талдоонун негизинде кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн макроэкономикалык прогнозун иштеп чыгууга катышуу;
- муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча иштерди координациялоо жана мониторинг жүргүзүү;
- кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин долбоорун даярдоону жана түзүүнү контролго алууну ишке ашыруу;
- жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышына үзгүлтүксүз мониторинг жана контролду камсыздоо;
- муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу, шаарды өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартуу, ишкерлик иш-аракеттерин жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптимизациялоо боюнча иштерди координациялоо;
- авто коюу жайлардын жана муниципалдык базарлардын ишин координациялоо;
- ишкерликти колдоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- бөлүмдүн иш-аракеттер чөйрөсүндө Бишкек шаарынын инвестициялык жана ыңгайлуу бизнес чөйрөсүн түзүүгө жана алга жылдырууга колдоо көрсөтүү;
- иш-аракеттердин жетектеген багыттары боюнча шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу иштерин координациялоо;
- Бишкек шаарынын администрациялык райондорунун керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча иштерине мониторинг жүргүзүү, координациялоо жана контролдоо.