Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган шаардык майрамдык салтанат Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлдү.


Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Ренат Макенов катышуучуларды мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, мамлекеттик тил ынтымактын, достуктун жана биримдиктин тили деп белгиледи.

Майрамдык иш-чаранын пролог бөлүгүндө: “Мамлекеттик тил, ыйман, адеп, маданият” темасы боюнча сахналаштыруу болуп, расмий бөлүктө майрамдык куттуктоо сөздөрү айтылып, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын ишке ашырууга салым кошуп жаткан шаардык мекеме-уюмдардын кызматкерлери, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, Республикалык “Кыргыз тили” коомунун, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн сыйлыктары менен сыйланышты.

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан шаардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн арасында өткөрүлгөн “Мамлекеттик тилде иш жүргүзгөн мыкты мекеме, мыкты адис” сынактарынын жыйынтыгы боюнча алдыңкыларга сыйлыктар тапшырылды.                        

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясына караштуу шаардык түзүмдүк бөлүмдөргө “Орусча-кыргызча сөздүк” (К.Юдахин) китептери, райондук билим берүү борборлоруна, муниципалдык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарына кыргыз алфавити жайгашкан компьютер клавиатуралары белекке таратылды

Шаардык иш-чара майрамдык концерт менен коштолду.

Шаардык иш-чарага Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Ренат Макенов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Медербек Аким уулу, Республикалык “Кыргыз тили” коомунун төрагасы Раимжан Курбанов, Бишкек шаардык кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин, И.Арабаев атындагы КМПУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун, райондук администрациялардын, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү, шаардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин жетекчилери, мекеме-уюмдардын мамлекеттик тил боюнча адистери, мугалимдер жана тарбиячылар, эмгек ардагерлери жана башка катышты.