Жума сайын, ишмебми күндөрү мэр Азиз Суракматов көйгөлүү суроолорду чечүү үчүн шаар тургундары менен жолугушуу өткөрөт.

Бу сапар, 2-мартта, Свердлов районуна караштуу Бакай-Ата, Эне-Сай, Келечек, Ак-Бата, Дордой жана Дордой-2 жаңы конуштарынын жашоочулары жолугушту.

Иш-чарага боорбор калабыздын вице-мэрлери, Свердлов районунун акими Мурат Осмонов жана шаар кызматтарынын жетекчилери катышты.

«Бакай-Ата» жаңы конушу 1989-жылы негизделип, аянты 104 га түзөт. Бул жерде 1148 турак үй бар жана 5141 киши жашайт. Былтыр "Бишкекжарыктандыруу" ишканасы 10 көчөгө тургундар өз каражаттарына сатып алган 34 зым карагай орнотуп берген. Бакай-Ата жана Сыргак,  Бакай-Ата жана Нооруз көчөлөрүнүн кесилишиндеги дренаждык-коллектордук түйүндөр толугу менен тазаланган. Борбордук каналзацияны киргизүү үчүн долбоордук-сметалык жана башка уруксат берүүчү документтер даярдалууда.  

Эне-Сай конушу дагы 1989-жылы негизделген. Аянты – 47 га. Турак жай үйлөрдүн саны – 574, калкы – 2929 человек. СИП зымдар толук алмаштырылып берилген, ошондой эле, Ормон-Хан көчөсүндө каналаизация киригзүү үчүн (1-этап) “Ника КДЖ”компаниясы менен келишим түзүлгөн. Маданаий иш-чараларды өткөрүү үчүн бул конушта сахна жана отургучтар жасалган.

«Дордой» конушу  2000-жылы негизделип, аянты – 134 га түзөт. Бул конушта  1136 турак үйөр салынып, 6500 киши жашайт. Конуштун аймагындагы Ибраимов көчөсүндөгү №4 жана №15 көчөлөрү менен кесилишкен жерде суу берүү түтүктөрү толугу менен оңдолгон. “Дордой” жана  “Дордой-2” конуштарында 14 км суу берүү түтүктөрү салынган, анын  680 метри “Бишкексууканал” ПЭБнын балансына өткөрүлүп берилген. Дордой конушунун Дордой-Аул-1, Дордой-Аул-12 көчөлөрүндөгү каналаизация түйүндөрү калыбына келтирилген. 80 даана зым карагай орнотулуп, 20 км СИП зымдар тартылган.

“Дордой-2”конушу  2003-жылы негизделип, аянты 38 га түзөт. Турак жайдын саны – 430, калкы – 2185 кишини түзөт.  Бул конуштун №6 жана №9 көчөлөрүндө жашоочулар 12 электр зым карайгайын орнотуп, СИП –зымдарын тарттырышты. “Дордой-2” конушунун  №4, 7, 13 – көчөлөрүндө жолдорду түзөтүү максатында 11 машине фрезделген асфальт төгүлгөн.

Бирок, позитивдүү өзгөрүүлөргө карабастан, жаңы конуштарда  дагы эле көйгөйлөр бар. Буга жерди мыйзамдаштыруу, канализацияны куруу, көчөлөдү жарыктандыруу, жолдорду түзөтүү, Аламедин суусу аркылуу Эне-Сай конушу менен Дордой конушунун ортосунда көпүрө салуу жана суу түтүктөрүн “Бишкексууканал” ишканасынын балансына өткөрүп берүү маселелри кирет.

Кээ бир суроолор ордунан чечилсе дагы, кай бири Азиз Суракматовдын тапшырмасы менен тыкыр көзөмөлгө алынды.

Бишкек – сүйүктүү шаарым!