Калаа башчысы былтыр күзүндө жана быйыл кышында өткөргөн жолугушуулардагы элдин өтүнүчүндө турган инфраструктуралык маселелер чечилүүдө.

Вице-мэр Уланбек Азыгалиев инженерлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жүрүп жаткан иштин сапатына көзөмөлдөдү.

Тактап айтсак, «Чалбай» жаӊы конушунда 1743 метр аралыкка суу түтүгү тартылып, Чалбай 1,2,3,4 жана Дорожный тар көчөсү таза суу менен камсыз болот. Ошондой эле иштин жүрүшү болжолдогон мөөнөттөн эрте бүтүшү күтүлүүдө.

Экинчи объект болуп «Ак-Тилек» жаӊы конушу каралды, бул жерде узундугу 3 км. түзгөн агын суу түтүгү тартылууда. Иштин жүрүшүндө жер астындагы нымдуулуктун жогоруулугун эске алуу менен, асбест түтүктүн ордуна талапка жооп берген заманбап пластик түтүгү тартылып жатат.

Жыйынтыкта вице-мэр Уланбек Азыгалиев иштин жүрүүсү жана иштин инженердик талапка ылайык болушун «Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы» алдында көзөмөл болоорун айтты.